Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-апрели № 2382-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Республика-Ата-Журт" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Кодуранова |