Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-апрели № 2383-VI
Ө.А.Джамшитовду Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 8-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 25-пунктун жана 124-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Ө.А.Джамшитовду Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун сунуштамасын карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өткүрбек Асилбекович Джамшитовду Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |