КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-майы № 2400-VI
Мирзахмедов Нурболот Сабиржановичти Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордунан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордунан бошотулсун.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |