КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-майы № 2401-VI
Байгазаков Алимжан Топчубаевичти Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байгазаков Алимжан Топчубаевич Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордуна беш жылдык мөөнөткө шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |