Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты № 2298-VI
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 301-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 301-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"К.С.Дыйканбаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;";
А.М.Темирбаев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;";
төмөнкүдөй редакциядагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Б.А.Карамуратов - көз карандысыз эксперт.".
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |