КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-майы № 2424-VI
Г.Д.Уметалиеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2018-жылдын 23-апрелинен тартып кызматынан кеткендигине байланыштуу Уметалиева Галина Дюшекеевнаны кызматынан бошотуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |