Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-майы № 2426-VI
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2017-жыл үчүн отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2017-жылдагы иши канааттандырарлык эмес деп таанылган, ошондуктан Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу эске алынып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Башкы прокурор И.Ы.Жолдубаеваны кызмат ордунан бошотууга макулдук берген.
Буга байланыштуу укук улантуучулук принцибин колдоого алып, жаңыдан дайындалган Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Жамшитовдун 2017-жыл үчүн берген отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
1) коррупцияга каршы аракеттенүү, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууну алдын алуу, табуу жана жоюу, ошондой эле алардын себептерин жана шарттарын четтетүү, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуу жана жоюу боюнча ишти активдештирсин;
2) кызматтык кылмыштар жана экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар, анын ичинде коррупция жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыштар боюнча жазык иштерин тергөөгө көзөмөлдү күчөтсүн. Жазык иштерин негизсиз убактылуу токтотуу, токтотуу же тергөө мөөнөттөрүн создуктуруунун ар бир фактысы боюнча таасирдүү чараларды көрсүн;
3) укук коргоо органдарынын изин суутпай издөө ишине, тергөөгө жана ички териштирүү кызматтарынын ишине көзөмөлдү күчөтсүн;
4) Кыргыз Республикасынын прокуратура, УКМК жана ЭККМК органдарында турган жазык иштеринин кыймылын эсепке алуунун статистикалык карточкалары боюнча карыздарды жоюу ишин улантсын;
5) бардык укук коргоо, сот органдары жана прокуратура органдары боюнча жоголгон, уурдалган жана жок кылынган (өрттөнүп кеткен) жазык иштерин эсепке алуу боюнча ишти улантсын;
6) кызматтык, анын ичинде коррупция же мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоого байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарга карата бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү боюнча ишти улантсын;
7) экстремизмге жана терроризмге байланышкан кылмыштар боюнча изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү жүзөгө ашырууда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү күчөтсүн;
8) укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине тиешелүү баа берүү менен жарандарды жазык жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу, жазык иштерин мыйзамсыз козгоо фактылары боюнча иликтөө жана талдоо жүргүзсүн;
9) иштерди козгогон тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун фамилияларын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айтылган мыйзамсыз козголгон 656 жазык иштери, аларга карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты бир айлык мөөнөттө берсин;
10) саясий жүйөлөр боюнча жазык жоопкерчилигине тартууга тиешелүү жазык иштерин кароону объективдүү көзөмөлдөө үчүн бардык зарыл чараларды көрсүн жана аларды иликтөөгө кайрылып келсин;
11) келүүнү камсыздоо тууралуу соттук чечимдердин тергөө органдары тарабынан аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү жолу аркылуу процесстин катышуучуларынын келүүсүн камсыздоо үчүн прокурорлорго ишти кайтарып берүү фактыларын азайтуу боюнча ишти улантсын;
12) мамлекеттик органдардын ишкерлерди мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөрүн чектөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы "Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын талаптарын аткаруу боюнча ишти улантсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты 2019-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |