Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-июну № 2464-VI
Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын маалыматы тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы А.А.Токбаеванын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы А.А.Токбаеванын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-1, 18-2 жана 20-1-беренелеринин жоболорун ишке ашырууну камсыздоо;
2) коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча жазык иштерин кароого өзгөчө көңүл буруу менен сот практикасы жана сотторго тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз. Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун жыйналыштарынын үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн камсыздоо;
3) республиканын бардык сотторуна иштерди бөлүштүрүүнүн автоматташтырылган тутумун киргизүү боюнча толук чараларды көрүү;
4) коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, сот процесстеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, жарандардын укук адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында сот процесстеринин аудио- жана видеопротоколдоо тутумун киргизүү боюнча иштерди тездетсин;
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен алименттик милдеттерден качкан адамдарды издөө боюнча өз ара тыгыз аракеттенүүлөрүн уюштуруу;
6) республиканын жарандарына сот тутумунун иши жөнүндөгү маалыматтарды толук жана объективдүү берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин интернет-сайттарын өркүндөтүү боюнча иштерди өз мезгилинде жүргүзүү;
7) сот актыларынын электрондук архивин түзүүгө жана жүргүзүүгө каражат кароо.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |