Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июну № 2471-Vl
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Мариповдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Мариповдун отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бюджеттик каражаттарды чыгымдоого, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан мамлекеттик менчиктин башкарылышына, мамлекеттик катышуунун көп үлүшү бар мамлекеттик ишканалар менен чарбакер субъектилердин ишине контролду күчөтсүн;
- мамлекеттик органдарда аудит тарабынан жыл сайын табылган мүнөздүү бузуулардын себептерине талдоо жүргүзсүн жана аларды четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик каражаттардын мүмкүн болуучу жоготууларына жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;
- өткөрүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча Эсептөө палатасы тарабынан берилген жазма буйруктардын аткарылышын туруктуу контролдоону камсыз кылсын.
3. Эсептөө палатасы:
- аудиттердин сапатын жогорулатуунун үстүндө иштөөнү улантсын;
- аудиттердин жыйынтыктары боюнча табылган финансылык бузуулардын суммаларын мамлекеттик бюджетке кайтарып берүүнүн таасирдүү чараларын көрсүн;
- ири долбоорлордун алдыда боло турган чыгашаларынын аудиттерин жүзөгө ашырсын;
- төмөнкүдөй финансылык бузуулардын категорияларын аныктаган ченемдик актыларды иштеп чыгууну тездетсин:
мамлекеттик бюджетке кайтарылып берилүүгө жаткан бюджеттик каражаттардын;
бюджеттик тартипти алдын алууга жана профилактикалоого, ошондой эле күчтөнтүүгө багытталган;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен аудит объектилери пайдаланган бюджеттик каражаттардын кайра кайтарылып берилишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүлөрдү күчөтсүн;
- Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын жыл сайын отчетунда каралган статистиканы жана аналитикалык иштерди өркүндөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |