КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июну № 2480-VI
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К.Турускулов, А.Б.Баатырбеков, А.С.Кодуранова, А.Ж.Жамангулов, А.Ж.Исмаилова, А.М.Нурбаев, А.К.Касымалиева, Н.Т.Каримов, Т.Г.Тиллаев, М.И.Бакиров, А.Т.Сулайманов, А.Н.Шыкмаматов, К.К.Керезбеков, И.Ш.Өмүркулов, Ж.К.Акаев, М.А.Аманкулов, И.З.Сарсейитов, У.Б.Примов, А.Э.Самигуллина, Е.Г.Строкова, А.С.Токторов, Н.В.Никитенко жана Р.Ч.Момбеков жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2017-жылдын 29-ноябрындагы № 777 токтому) демилгелеген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |