Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 2488-VI
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы:
1) 2018-2022-жылдарга карата (үчүнчү этап) Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептердин үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программанын алкагындагы иш-чараларды ишке ашырууну улантсын;
2) 2016-2020-жылдарга карата (экинчи этап) Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык билимдүүлүгүн жогорулатуу программасында бекитилген алкактагы иш чараларды ишке ашырууну улантсын;
3) "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун ишке ашырууну колдоо үчүн кредиттик аукциондордун алкагында банктарды рефинансылоого берилген каражаттарды максаттуу пайдалануунун мониторингин жүзөгө ашырсын;
4) акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатынын маселелери боюнча Өкмөттүн жана Улуттук банктын иштерин координациялоону улантсын;
5) Кыргыз Республикасынын экономикасына монеттештирүү коэффициентин көбөйтүү боюнча чараларды ишке ашырууну улантсын;
6) жеке жактардын банкроттугу жөнүндө маселелерин жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар айткан сын-пикирлерди четтетсин;
2) чыгымдардын максатка ылайыктуулук жана негиздүүлүк принциптерин сактоо менен административдик чыгашаларды түзсүн;
3) Кыргыз Республикасынын ички рыногунда эл аралык резервдерди толтуруу үчүн улуттук валютада алтын сатып алуу маселесин карасын;
4) баалардын туруктуулугун камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн саясаттын алкагында Кыргызстандын экономикасын кредиттөөнү кеңейтүү чараларын көрсүн;
5) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча сапаттуу иштерди өз мезгилинде жүргүзсүн;
6) зайымчылардын кредиттик жөндөмдүүлүк рейтингинин тутуму боюнча талаптарды киргизсин;
7) кредиттердин сапатын баалоо үчүн коммерциялык банктардын кредиттерин камсыздоону өркүндөтүү/оптималдаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдесин;
8) кепилдик фонддорду жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын;
9) Улуттук банктын К.Акиев/Киев көчөсүндөгү имаратын курууну жана реконструкциялоону улантуу үчүн техникалык документацияларды иштеп чыгууну жана долбоордук иштерди аяктоону тездетсин;
10) коммерциялык банктар менен биргеликте финансы-кредиттик мекемелердин жана уюмдардын эсептеринде жайгаштырылган эл аралык резервдердин жана банк тутумдарынын активдерин сактоо жана коопсуздугун камсыздоо максатында жана киберчабуулдар менен киберкоркунучтардан кибертоскоолдуктарды азайтуу жана алардын коопсуздугун күчөтүү боюнча ар тараптуу чараларды көрсүн;
10) өлчөнгөн күмүш куймаларын чыгарууну баштасын;
12) салмагы 500 жана 1000 грамм болгон өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу мүмкүнчүлүгүн иликтесин;
13) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды квоталанган жумушчу орундарына ишке орноштуруу жөнүндө "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамдын ченемдерин аткаруу бөлүгүндө жана көрсөтүлгөн мыйзамдын коммерциялык банктар тарабынан аткарылышын контролдоо камсыздалсын;
14) көзү көрбөгөн жарандар тарабынан факсимилдик кол коюуну пайдалануу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жана "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин банктык жана банктык эмес уюмдар тарабынан аткарылышына жазма эскертме берсин;
15) эл аралык уюмдар, жарандык секторлор, банктык мекемелер менен биргеликте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн шарттарын (мобилдик банкингдин кызмат көрсөтүүлөрү, коммерциялык банктардын интернет-сайттары, банктын кол коюучу документтери менен өз алдынча таанышуу мүмкүнчүлүгү, банкоматтар жана терминалдар, банктардын имараттарынын жеткиликтүүлүгү) камсыз кылсын;
16) жаңы акча банкнотторунун эмиссияларында аларды көзү көрбөгөн жана көзү начар көргөн жарандар үчүн көнүктүрсүн;
17) төмөнкү багыттар боюнча иштерди улантсын:
банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;
"2018-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагына банктык жабдууларды алып кирүү жөнүндө" Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын ортосундагы макулдашууну аткаруу алкагында жана 2018-2022-жылдары Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программадагы иш-чараларды ишке ашыруу алкагында республиканын географиялык алыскы региондорун эске алуу менен банктык төлөө карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча төлөө инфратүзүмдөрүн кеңейтүү максатында банктык жабдууларды (банкоматтар, төлөө/POS-терминалдар, банктык киоскилер) алып кирүү боюнча коммерциялык банктардын милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоо;
финансы-кредиттик уюмдардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрүнө калктын жеткиликтүүлүгүнүн кеңейтилишине көмөктөшүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын региондорундагы банктык продуктыларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана баасын төмөндөтүү.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |