Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-январы № 2186-VI
"2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 28-ноябрындагы № 775 токтому) "2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Кодуранова |