КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-январы № 2201-VI
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 4-декабрындагы № 785 токтому) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Д. Джумабеков
|