Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы № 2221-VI
2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө
2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин ар тараптуу изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы (мындан ары - Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Д.Б.Аттокуров
А.А.Карашев
А.К.Касымалиева
У.Б.Примов - КСДП парламенттик фракциясынан;
А.Алтынбеков
А.Ж.Жамангулов
У.Т.Кыдыралиев - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан;
И.З.Сарсейитов
А.С.Токторов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
И.А.Масалиев - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
М.Ю.Абдылдаев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
С.К.Нышанов - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
2. Адистерди жана аудитордук кызматтарды тартуу үчүн зарыл каражаттар бөлүнсүн. Комиссиянын ишине жарандык коомдун өкүлдөрү тартылсын.
3. Комиссиянын иши телекөрсөтүү боюнча тикелей трансляциялоо режиминде жүзөгө ашырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы Комиссиянын иши үчүн зарыл шарттарды түзсүн.
5. Комиссия 2018-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
Төрага | Д. Джумабеков
|