Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-февралы № 2248-VI
"Кыргыз Республикасында 2018-жылдын жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында 2018-жылдын жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ж.Исаковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- республиканын алыскы региондоруна, айрыкча климаттык шарттары оор региондоруна өзгөчө көңүл буруу менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар, жер семирткичтер, химикаттар жана үрөндөр, ошондой эле жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- айыл аймактарынын жана башка чарбакер субъектилердин карамагындагы ички чарбалык сугат тутумун вегатациялык мезгилге карата өз учурунда даярдоону камсыз кылсын;
- 2017-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасынын иш-чараларында каралган жаңы ирригациялык объектилерди ишке киргизүүнүн эсебинен сугат жерлеринин аянттарын көбөйтүү чараларын көрсүн, Кыргыз Республикасынын суу объектилерин жана ирригациясын модернизациялоо жана реабилитациялоо үчүн арналган финансылык каражаттардын көлөмдөрүн көбөйтсүн;
- 2018-жылдын 1-майына чейин республиканын ирригациялык тутумунун учурдагы жана капиталдык оңдоп-түзөөлөрүнө арналган каражаттарды республикалык бюджеттен 80 пайызга чейин каржылоону камсыздасын;
- машина-трактордук паркты жаңылоо жана модернизациялоо максатында лизинг боюнча берилүүчү техниканын санын көбөйтсүн, республиканын бардык региондорунда айылдык товар өндүрүүчүлөргө кызматтарды көрсөтүү боюнча машина-трактордук станцияларды уюштурсун;
- ЕАЭБдин Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) аркылуу ЕАЭБге кирген үчүнчү өлкөлөрдөн дан эгиндерин жыйноочу комбайндарды алымсыз алып кирүүгө 2018-2019-жылдары Кыргыз Республикасына квота бөлүү жөнүндө маселени иштеп чыксын;
- машина-трактордук паркты жогорку технологиялык айыл чарба техникасы менен жаңылоо максатында лизинг механизмдерин карасын жана Германиядан жана Европанын башка өлкөлөрүнөн оңдолгон жана колдонулган техникаларды сатып алуу боюнча чараларды көрсүн;
- 2012-жылы ЮСАИДдин бөлүнгөн грантынын алкагында республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникаларынын жогорулатылган баа боюнча берилишине жол берген адамдардын жоопкерчиликтерин иликтесин жана карасын;
- агротехникалык талаптардын мөөнөттөрүнүн өз учурунда сакталышын камсыздоо үчүн 2018-жылдын март-апрелинде айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү кредиттөө боюнча банктар менен бирдикте шашылыш чараларды көрсүн;
- берилүүчү кредиттердин пайыздарын төмөндөтүүнү эске алуу менен жыл сайын берилүүчү "Дыйкандарга, фермерлерге жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттер" кредитинин портфелин 10 млрд. сомго чейин жеткирүү жөнүндөгү маселенин каралышын тездетсин;
- айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилүүчү кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды төмөндөтүү жана банктарда калган 1 млрд. сом суммасындагы аргасыз жоготууларды сактоо максатында башка булактарды жана кредиттерди жеңилдетилген шарттарда бөлүүгө жөндөмдүү башка органдарды издеп тапсын;
- республиканын дыйканчылыгында, айрыкча кант кызылчасын жана төө буурчак отургузууда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жер которуштуруп айдоолорун жер-жерлерге киргизилишин камсыздасын;
- органикалык айыл чарба продукцияларын өнүктүрүүнүн артыкчылыгын аныктасын, жеңилдетилген кредиттердин бөлүнүшүн карасын жана органикалык продукцияларга сертификаттарды берүүнү уюштурсун, республикада биологиялык жер семирткичтерди өндүрүү көлөмүн көбөйтсүн;
- республиканын дыйкан - фермерлеринин жер-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн жаңы сортторуна жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында жакынкы жана ыраакы чет өлкөлүк селекциялык мекемелер менен байланыштардын түзүлүшүн күчөтсүн;
- айыл чарба өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү менен толук көлөмүндө камсыздоо үчүн райондоштурууну жана адистештирүүнү эске алуу менен жаңы сортторду жана гибриддерди сынап көрүү, каттоо боюнча иштерди күчөтсүн;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жайыттардын фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо максатында зыянкечтерге жана чегирткелерге каршы мамлекеттик иш-чаралардын өз мезгилинде өткөрүлүшүн күчөтсүн;
- 2018-жылдын февраль айында республиканын бардык областтык штабдарында республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусу менен жазгы-талаа иштерине карата даярдануунун жүрүшү жөнүндө селектордук кеңешмелерди өткөрсүн;
- ушул токтомдун толук көлөмүндө аткарылышын камсыз кылсын; каралган тапшырмалар өз мезгилинен кечиктирилип, ойдогудай эмес аткарылганда же алардын аткарылышы үзгүлтүккө учураганда тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин кароо Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2018-жылдын 1-июнуна карата маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Д. Джумабеков
|