Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-марты № 2277-VI
"Кербен" аэропортунун ишин кайра жаңылантуу жөнүндө
"Кербен" аэропортунун ишин кайра жаңылантуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жалал-Абад областынын Ала-Бука, Чаткал, Аксы райондорунда, Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларында жашаган калктын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында "Кербен" аэропортунун ишин кайра жаңылантуу боюнча 2018-жылдын 31-декабрына чейин чара көрсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жөнөтүлсүн.
Төрага | Д. Джумабеков
|