Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы № 2273-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-январындагы № 2191-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 62, 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-январындагы № 2191-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"К.С.Дыйканбаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;".
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Д. Джумабеков
|