КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 2346-VI
И.Ы.Жолдубаеваны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 8-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 25-пунктун, 125-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, И.Ы.Жолдубаеваны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун сунуштамасын карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жолдубаева Индира Ырысбаевнаны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Д. Джумабеков
|