КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 2349-VI
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алхожоев Тимур Муратович Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына киргизилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Алхожоев Тимур Муратович.".
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча-комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Д. Джумабеков
|