Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры № 208
Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 26-октябрындагы № 197 токтому менен 2018-жылдын 14-ноябрына дайындалган Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 14-ноябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Акматов Таалайбек Эрмекбаевич табылсын.
2. Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 14-ноябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Колдошов Жээнбек Исламович табылсын.
3. Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |