Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры № 219
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(КР Борборшайлоокомунун 2018-жылдын 14-декабрындагы № 221 токтомунун редакциясына ылайык)
Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 346-б буйругу менен Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы Жунушбаев Бакыт Оморбекович, соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
(Абзац КР Борборшайлоокомунун 2018-жылдын 14-декабрындагы № 221 токтомуна ылайык алынып салынды)
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 29-декабрына дайындалсын жана саат 09.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
(КР Борборшайлоокомунун 2018-жылдын 14-декабрындагы № 221 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |