Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-марты № 29
Чүй облусунун Москва районунун Беловодск, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2019-жылдын 15-мартындагы № 50-р буйругу менен Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Толомушев Бакыт Токтокадырович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2019-жылдын 19-мартындагы №№ Б-1Л/Т буйругу менен Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Оморканов Эрнис Макелович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Москва районунун Беловодск, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 8-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Москва жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |