Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну № 2514-VI
Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси жөнүндө
Кыргыз мамлекетин түзүүнүн башатында турган, 1925-жылы Кара кыргыз автоном областынын жумушчулар, дыйкандар жана солдат депутаттар кеңешинин Областтык аткаруу комитетинин төрагасы, 1927-1937-жылдары Кыргыз Автоном Советтик Социалисттик Республикасынын, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы жана маңызы боюнча мамлекеттин биринчи башчысы болгон Абдыкадыр Орозбеков - мамлекеттик жана коомдук көрүнүктүү ишмер.
Абдыкадыр Орозбековдун сиңирген эмгегин көңүлгө алып, ошондой эле 2019-жылы боло турган анын туулган күнүнүн 130 жылдыгына байланыштуу "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесин өткөрүүнү 2019-жылга карата улуттук маанидеги мааракелик иш-чаралардын тизмегине киргизсин;
- Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгынын урматына даярдануу жана мааракелик иш-чараларды өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзсүн; 2019-жылга карата иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана республикалык бюджетте тиешелүү финансы каражаттарын карасын;
- Абдыкадыр Орозбековдун эстелигин орнотсун;
- Абдыкадыр Орозбековдун өмүрү жана ишмердүүлүгү жөнүндө теле-, редиоберүүлөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында материалдарды жарыялоолорду уюштурсун;
- ушул токтомдун аткарылышы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бир айлык мөөнөттө маалымдасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча чара көрүү тапшырмасын берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |