Редакцияот 20.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 20-июну № 2490-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасын шайлоо үчүн убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасын шайлоо үчүн убактылуу эсептөө комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 12 депутатынын санында түзүлсүн.

2. Убактылуу эсептөө комиссиясынын курамына төмөндөгү депутаттар шайлансын:

B.Г.Строкова

А.Ш.Осмонова

У.Б.Примов

И.А.Маннанов - "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" депутаттык фракциясынан;

А.Алтынбеков

Т.У.Жоробеков

М.А.Маматалиев - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;

К.С.Нурматов

Д.Э.Төлөнов - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан;

И.А.Масалиев - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан;

Д.Г.Төрөкулов - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан;

C.К.Нышанов - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков