Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 2505-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А.Айдаровду Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А.Айдаров жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы болуп шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 19-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"С.А.Айдаров - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |