Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-июну № 2517-VI
Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы үчүн көп кабаттуу турак-жай курууга жер участогун бөлүү жөнүндө
Ош шаары чоңдугу жана калкынын саны боюнча Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий борбору болуп саналат, анда бир катар ири билим берүү жана башка мекемелери жайгашкан.
Ош мамлекеттик университети (мындан ары - ОшМУ) Борбордук Азия аймагындагы эл аралык институттук аккредитациядан өтүп, сертификат алган алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болуп эсептелет.
Университетте 72 адистик боюнча 28 миңден ашуун студент билим алууда. ОшМУнун жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулук жамааты бар, анын курамын Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 2 академиги, 2 мүчө-корреспонденти, 62 илимдин доктору жана профессору, 320дан ашуун илимдин кандидаты жана доценти, 30га жакын билим берүүгө, илимге, маданиятка, саламаттык сактоого, дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген ишмерлер жана кызматкерлер түзөт. Жалпысынан ОшМУда 1500дөн ашуун окутуучу эмгектенет.
Бирок, социалдык инфратүзүмдү каржылоонун жана жергиликтүү калкты иш менен камсыздоо деңгээлинин жетишсиздигинен улам, билим берүү тармагындагы жогорку квалификациялуу адистердин миграциясы күчөп жатканы байкалууда.
Билим берүү чөйрөсүндөгү адистердин башка жакка кетүүсүнүн өтө курч көйгөйү ОшМУсунун профессордук-окутуучулук курамынын кыйла көп санынын турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждык болуп саналат. Мында ипотекалык кредиттөө линиясы боюнча да турак жай көйгөйлөрү жетишсиз чечилип жатат. Бүтүндөй алганда бул көйгөйлөрдүн бардыгы Ош шаарын андан ары өнүктүрүүгө жолтоо болууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын мэриясы мыйзамда аныкталган тартипте Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы үчүн университеттин өздүк жана башка жактардан тартылган каражаттарынын эсебинен көп кабаттуу кызматтык турак-жай курууга жер участогун бөлүү маселесин карасын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |