КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-июну № 2518-VI
Ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу К.Т.Оторбаевди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктун, 125-беренесинин 1-пунктун жана "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу 2018-жылдын 27-июнунан тартып ыйгарым укугун токтотуу менен Оторбаев Кубатбек Табылдиевич Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |