Редакцияот 27.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 27-июну № 2519-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлерге сунуштамаларды карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 94-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык курактык чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызмат орундарына төмөндөгүлөр шайлансын:

Садырова Чинара Идрисовна;

Сыдыков Аскат Шаршекович.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоого жатат.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков