Редакцияот 13.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 13-июну № 2484-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаеваны Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктун 7-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Г.К.Асылбаева - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан;".

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков