Редакцияот 19.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 19-сентябры № 2581-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкердин сунуштамасын карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 94-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Мамбеталы Жаңыл курактык чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна шайлансын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоого жатат.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

А.Кодуранова