Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-сентябры № 2588-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндө аталган депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү комитеттеринин курамынан чыгарылсын:
Жоробеков Тариэл Улукбекович - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамынан;
Тиллаев Таабалды Гапырович - Бюджет жана финансы боюнча комитеттин курамынан.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндө аталган депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү комитеттеринин курамына киргизилсин:
"Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Исаев Жаныбек Базаркулович - Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына;
"Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Алыбаев Орозбек Артельевич - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына;
"Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан Тиллаев Таабалды Гапырович - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына;
"Бир Бол" парламенттик фракциясынан Турусбеков Бактыбек Сагындыкович - Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин курамына.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |