Редакцияот 27.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 27-сентябры № 2596-VI

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 22-июнундагы № 399 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору четке кагылсын.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков