Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
2011-жылдын 8-июлундагы
N 941-V токтому менен
бекитилген
Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу
башкаруу жана тескөө боюнча
ПРОГРАММА
1. Мамлекеттештирилген объекттерди башкаруу жана тескөө боюнча
мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл
алынганга чейин мамлекеттин менчигинде калуучу
мамлекеттештирилген объекттер
3. Белгиленген тартипте менчиктештирилүүчү мамлекеттештирилген
объекттер
1. Мамлекеттештирилген объекттерди башкаруу жана тескөө
боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программа Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги милдеттерин эске алуу менен иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында мамлекеттештирүүнүн аркасында мамлекеттин менчигине айландырылган мүлктү натыйжалуу башкаруу жана тескөө маселеси турат.
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүшүнүн артыкчылыктарын эске алуу менен мамлекеттештирилген объекттерди башкаруу жана тескөө боюнча мамлекеттик саясаттын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүү жолу менен ишкердикти чыңдоо жана ага дем берүү;
- натыйжалуу башкаруунун аркасында мүмкүн болушунча экономикалык пайда алуу;
- мамлекеттик казынага акча каражаттарынын түшүшүн камсыз кылуу;
- мамлекеттештирилген объекттерди экономиканын реалдуу секторуна инвестицияларды тартуу үчүн аспап катары пайдалануу;
- коммерциялык уюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, алардын ишинин каржы-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу;
- натыйжалуу менеджментти жайылтуу;
- рыноктун суроо-талабын эске алуу менен мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруу;
- рентабелдүүлүгү төмөн объекттерди кайра түзүмдөштүрүү жүргүзүү;
- бардык заманбап усулдарды жана каржылык аспаптарды, башкаруунун процесстерин жакшылап укуктук регламенттөөнү пайдалануу менен мамлекеттештирилген объекттерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу,
- мамлекеттештирилген объекттердин пайдаланылышына жана сакталышына контролду камсыз кылуу.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү
чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттин менчигинде
калуучу мамлекеттештирилген объекттер
Мамлекеттештирилген объекттерди башкаруу төмөнкүдөй болот:
- объекттин өсүшүн жана өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында объектке карата натыйжалуу менеджментти жүзөгө ашыруу;
- аяктай элек объекттердин курулушун аяктоо жана андан ары алар боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн аларды эксплуатациялоого киргизүү;
- объекттерди оперативдүү башкарууга, чарба жүргүзүүгө жана тике багыты боюнча пайдалануу үчүн өткөрүп берүү.
Мамлекеттин менчигинде калуучу мамлекеттештирилген объекттердин тизмегине андан ары натыйжалуу башкарууну аныктоо жана объектти мамлекеттин кызыкчылыгында пайдалануу максатында экономикалык талдоо жана иликтөө жүргүзүүнү талап кылган объекттер киргизилген.
Мамлекеттештирилген объекттерди экономикалык жана укуктук талдоонун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөнкүлөрдүн матсатка ылайыктуулугу аныкталууга тийиш:
- объектти менчиктештирүүнүн;
- объектти мамлекеттик менчигиңде сактоонун;
- объектти биргелешип башкаруу үчүн мамлекеттик-менчик өнөктүктүн.
Инвестицияларды тартуу, ички рыноктун өнүгүшүнө дем берүү үчүн, ошондой эле республикалык бюджеттин кошумча кирешелерин түзүү үчүн шарттарды түзүү, максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан инвестициялык жагымдуулугу жогору болгон мамлекеттештирилген обеъкттерди менчиктештирүү жөнүндө айрым чечимдер кабыл алынышы мүмкүн.
Тиешелүү чечим чыгарылганга чейин мамлекеттин менчигинде болуучу мамлекеттештирилген объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
3. Белгиленген тартипте менчиктештирилүүчү
мамлекеттештирилген объекттер
Мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүүнүн негизги максаты - мамлекеттештирилген объекттерди сатуунун эсебинен мамлекеттик бюджетти мүмкүн болушунча кыска мөөнөттөрдө толтуруу максатында мамлекет тарабынан мүмкүн болушунча көп киреше алуу.
Ушул программа менен аныкталган мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аукцион усулу менен жүзөгө ашырылат.
Аукцион андайда аукционго коюлган менчиктештирүү объектти үчүн тооруктун жүрүшүндө эң жогорку бааны сунуш кылган жана төлөп берген жакка өткөн тоорук жүргүзүү жолу менен сатуу усулу болуп саналат.
Аукцион ачык болуп саналат, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктештирүү объекттерин сатып алуучуларга коюлуучу талаптарга жооп берүүчү бардык жеке жана юридикалык жактар чектөөсүз катышууга укуктуу.
Аукцион өткөрүүнүн тартиби, ага мүмкүн болуучу сатып алуучулардын катышуу шарттары, аукциондун жеңүүчүлөрүн аныктоонун тартиби, ошондой эле сатып алынган мамлекеттик мүлк үчүн эсептешүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.