Редакцияот 13.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 13-сентябры № 2567-VI

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Асылбаева Гульшат Кадыровна - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;

Бекешев Дастан Далабайевич - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;

Гайпкулов Искандер Төрөбаевич - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү;

Мамашова Айсулуу Турусбековна - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү;

Маматалиев Марлен Абдырахманович - Бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү;

Момбеков Рыскелди Чыныбекович - Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү;

Дыйканбаев Курманбек Сапарович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;

Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Озумбеков Улан Доктурбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору.

2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков