Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры № 2566-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2796-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Гайпкулов Искандер Төрөбаевич - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү;
Арапбаев Азамат Абдуллажанович - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү;
Тулендыбаев Пархат Розымович - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү;
Дыйканбаев Курманбек Сапарович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
Джаманкулов Марат Тургунбаевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
(КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2796-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Мукамбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |