Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-октябры № 2631-VI
"2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 31-июлундагы № 353 токтому) "2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |