Редакцияот 01.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 1-ноябры № 2686-VI

"2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 7-августундагы № 366 токтому) "2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков