Редакцияот 25.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 25-октябры № 2655-VI

"Аялдардын репродуктивдүү укуктарын сактоо" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык "Аялдардын репродуктивдүү укуктарын сактоо" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасын угуп, ошондой эле көрсөтүлгөн атайын баяндамада берилген сунуштардын 2016-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасында толук камтылгандыгын жана "2016-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна киргизилгендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Аялдардын репродуктивдүү укуктарын сактоо" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы эске алынсын.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков