КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-октябры № 2658-VI
"Бишкек шаарынын жаңы конуштары: жетиштүү турак жайга укук жана башка социалдык, экономикалык жана маданий укуктар" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык "Бишкек шаарынын жаңы конуштары: жетиштүү турак жайга укук жана башка социалдык, экономикалык жана маданий укуктар" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасын угуп, ошондой эле көрсөтүлгөн атайын баяндамада берилген сунуштардын 2016-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасында толук камтылгандыгын жана "2016-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна киргизилгендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Бишкек шаарынын жаңы конуштары: жетиштүү турак жайга укук жана башка социалдык, экономикалык жана маданий укуктар" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы эске алынсын.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |