Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-октябры № 2660-VI
"Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын укуктарын сактоо" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык "Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын укуктарын сактоо" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын укуктарын сактоо" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы (мындан ары - атайын баяндама) эске алынсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн атайын баяндаманы кароонун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй сунуштар кабыл алынсын жана аларды аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын:
- Баткен шаарында Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн казармасын куруу маселесин кароо;
- бардык аскер бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн суу менен камсыздоого, имараттардын мончолорун жана жуунуучу бөлүмдөрүн оңдоого, сапаттуу мончо жабдууларын жана инвентарларды сатып алууга каражат издеп табуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана аскердик түзүлүштөрүнүн бюджетин аскердик бөлүктөрдүн орун алган жерлерине карабастан жана жыл мезгилин эске алуу менен тамак-аш рационун (ченем) көбөйтүү жагына кайра карасын; аскер кызматчылары үчүн спорттук инвентарларды жана кийим-кечектерди сатып алууга, китепкана фондун, анын ичинде электрондук фондун түзүүгө; башка адистиктер боюнча кошумча сааттарды киргизүүгө каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылуу;
- аскер кызматчыларын медициналык тейлөөнү реформалоо боюнча төмөнкү жаатында комплекстүү чараларды көрүү:
стационардык дарылоо;
кызматка жараксыз жоокерлерди чакыруу учурларына жол бербөө;
медициналык комиссия тарабынан диагностика жана анализ жыйноо;
ай сайын медициналык текшерүүлөрдү жана аскер кызматчыларын кароолорду жүргүзүү;
денесинен жаракат алуу фактылары табылган учурларда - кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн натыйжалуу тергөө жана документтештирүү боюнча Жетекчиликтин негизинде документтештирүүнү жүргүзүү;
- "Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жеке курамынын арасында өлүмдү жана жаракат алууну болтурбоо, ошондой эле аскер кызматынын коопсуз шарттарын камсыздоо боюнча" Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Программасын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
- камсыздандырылган адам өзүн-өзү өлтүрүүнүн кесепетинен каза болгон учурларда аскер кызматчыларынын туугандарына камсыздандыруу суммасынын милдеттүүлүгүнө багытталган төлөөлөрдү "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңдештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш киргизүү;
- аскер бөлүктөрүндө санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды жана профилактиканы өткөрүү боюнча чараларды көрүү.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн атайын баяндаманы угуунун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштарын ишке ашыруу боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратына берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) сунуштарды ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматына талдоо жүргүзсүн жана анын жыйынтыктарын кийинки жылга Жогорку Кеңешке киргизүүдө ар жылдык баяндамада чагылдырсын.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |