Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-октябры № 2661-VI
"Кыргыз Республикасында балдарга карата зомбулук (сот адилеттигин ишке ашыруу: мыйзамдар жана практика)" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык "Кыргыз Республикасында балдарга карата зомбулук (сот адилеттигин ишке ашыруу: мыйзамдар жана практика)" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында балдарга карата зомбулук (сот адилеттигин ишке ашыруу: мыйзамдар жана практика)" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы (мындан ары - атайын баяндама) эске алынсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн атайын баяндаманы кароонун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй сунуштар кабыл алынсын жана алардын аткарылышы төмөнкүлөргө сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2014-2018-жылдарга карата Кыргыз Республикасында Балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтсүн;
- курмандыктарга туш болгон балдардын жана кылмыштардын күбөлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алган саясатты киргизүү боюнча эл аралык уюмдардан, атап айтканда БУУнун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунан төмөнкүдөй техникалык жардамдарды сурасын:
сурамжылоо жүргүзүү үчүн атайын бөлмө түзүү;
соттук башпанаалардын көмөкчү жабдууларын, атайын танапистерди белгилөө, соттук угуулардын мөөнөттөрүн кыскартуу жана баланын керектөөсүн жана курагын эске алуу менен кабарлоонун тиешелүү тутумун белгилөө;
балдар тарабынан күбө көрсөтмөлөрүн берүү процессин жеңилдетүү боюнча чараларды көрүү;
курмандыктарга туш болгон балдар жана кылмыштардын күбөлөрү менен иштеген адистерди даярдоо программасын иштеп чыгуу;
2) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- балдарды коргоо, татаал турмуштук кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдү табуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иштерин өркүндөтсүн, ата-энелеринин камкордугунан убактылуу болсо дагы ажыраган бардык балдарга расмий камкорчулук дайындоо маселелерин жөнгө салсын, камкорчуларды тыкыр тандоону жана дайындоону жүргүзсүн;
- баланын андан ары тагдыры жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин аны үй-бүлөдөн ажыратуу учурларында баланы убактылуу жайгаштыруу үчүн фостердик (бала багып алган) үй-бүлөлөр институтун пайдалануу боюнча маселелерди карасын;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту балдар үчүн юстиция маселелери менен адистешкен судьяларды даярдоо боюнча маселени карасын;
4) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы балдарга карата дене-бой зордук-зомбулугу, одоно мамиле жасоо, жазалоо жана сексуалдык зомбулук көрсөтүү маселелери боюнча жазык жана административдик иштердин тергелишине жана соттордогу өкүлчүлүктөргө көзөмөлдү жүзөгө ашырсын;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тартип изоляторуна/убактылуу изоляциялоо башпаанасына жалгыз киргизүү түрүндө эркиндигинен ажыратылган жашы жете электерге карата тартип чараларын пайдалануу фактыларын болтурбоо боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик жана сот органдары жогоруда көрсөтүлгөн атайын баяндаманын жыйынтыктары боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштарын ишке ашыруу боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратына берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн органдар тарабынан сунуштардын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматка талдоо жүргүзсүн жана анын жыйынтыктарын кийинки жылга Жогорку Кеңешке киргизүүдө ар жылдык баяндамада чагылдырсын.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |