Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-ноябры № 2697-VI
"Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 15-майындагы № 235 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2017-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары боюнча белгиленген кемчиликтерди жана бузууларды четтетсин жана 2019-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине алар боюнча маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы салыктык түшүүлөрдүн деңгээлин жакшыртуу жана мамлекеттик каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында контролдук иш-чаралардын жыйынтыктуулугунун деңгээлин жогорулатсын, мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун жыйынтыктуулугуна жана сарамжалдуулугуна талдоо жүргүзүүгө, бюджеттин резервдеринин мүмкүн болуучу көбөйүүлөрүнө баа берүүгө жана алардын министрликтер менен ведомстволор тарабынан чыгымдалышынын негиздүүлүгүнө багытталган иштерди күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) 2019-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан аларга берилген материалдар боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин.
5. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |