Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 2709-VI
"Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Нурбаев, И.Пирматов, М.Мавлянова, М.Бакиров, Н.Алимбеков, Ж.Акаев, К.Иманалиев, Д.Джумабеков, Ж.Турускулов, У.Примов, А.Осмонова, А.Жамангулов, Д.Бекешев, С.Джураев, А.Жунус уулу, К.Керезбеков, А.Кулбараков, А.Жээнбеков жана А.Сулайманов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Кодуранова |