Редакцияот 13.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 13-декабры № 2768-VI

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 31-октябрындагы № 509 токтому) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджетинин кирешелери ИДПга карата 9,2 пайыз салыштырма салмагы менен 51157890,4 миң сом жалпы суммасында;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгашалары ИДПга карата 9,0 пайыз салыштырма салмагы менен 50342954,5 миң сом жалпы суммасында;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин таңкыстыгы ИДПга карата 0,2 пайыз салыштырма салмагы менен 814935,9 миң сом суммасында.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков