Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 2792-VI
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (Өкмөттүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 491 токтому) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджетинин кирешелери ИДПга карата 2,5 пайыз салыштырма салмагы менен 15030944,1 миң сом жалпы суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджетинин чыгашалары ИДПга карата 2,5 пайыз салыштырма салмагы менен 15030944,1 миң сом жалпы суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2019-жылдын 1-апрелине чейин аптекаларда жана аптекалык мекемелерде биринчи керектөөдөгү дары-дармек препараттарынан бирдиктүү баа саясатын белгилөө максатында дары-дармек препараттарынын реестринин жана алардын санынын, баасынын он-лайн режиминде калк үчүн жайгаштырыла турган аптекалардын жана аптекалык мекемелердин электрондук даректери (веб-сайттары) жөнүндө маалыматтар камтылган маалыматтык ресурстарды түзсүн;
- менчигинин формасына карабастан медициналык мекемелер үчүн рецептурдук бланканын бирдиктүү формасын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;
- дарылоочу врач жөнүндө маалымат камтылган шифрленген кодификатордун тутумуна дарылоочу врачтын энчилүү мөөрлөрүн алмаштыруу боюнча тиешелүү чараларды жүргүзсүн;
- электрондук рецеп тутумун жана пациенттин медициналык картасын электрондук жүргүзүүнү кыска мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте 2019-жылга Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик капиталдык салымдардын бекитилген планын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине 2019-жылдын 1-мартына карата берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2019-жылдын биринчи кварталында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине төмөнкүлөрдү берсин:
- 2019-жылга карата саламаттык сактоо уюмдарынын мамлекеттик сатып алуу Планын;
- 2019-жылга карата ММК фондунун бюджетинин киреше бөлүгүн 1,0 (бир) миллиард сом көлөмүндө көбөйтүү боюнча иш-чаралар Планын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |