КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 2781-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1327-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1327-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |