Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры № 2730-VI
"Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 28-сентябрындагы № 450 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- республикалык бюджеттин кирешелери ИДПга карата 25,0 пайыз салыштырма салмагы менен 151762419,1 миң сом жалпы суммасында, 2020-жылга болжол - 157043345,6 миң сом суммасында, 2021-жылга - 161890268,1 миң сом суммасында;
- республикалык бюджеттин чыгашалары ИДПга карата 26,7 пайыз салыштырма салмагы менен 161913144,8 миң сом жалпы суммасында, 2020-жылга болжол - 165199792,8 миң сом суммасында, 2021-жылга - 164535140,8 миң сом суммасында;
- республикалык бюджеттин таңсыктыгынын чектик өлчөмү ИДПга карата 1,7 пайыз салыштырма салмагы менен 10150725,7 миң сом суммасында, 2020-жылга таңсыктык болжолу - 8156447,2 миң сом суммасында, 2021-жылга - 2644872,7 миң сом суммасында;
- таңсыктыктын ички булактарын жабуу боюнча терс сальдо 2303,5 млн. сом суммасында, тышкы булактар боюнча оң сальдо 12454,2 млн. сом суммасында;
- шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн 2019-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 10-беренесине ылайык белгиленген;
- 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун чоңдугу республикалык бюджеттин бекитилген чыгашаларынан 0,02 пайыздан ашык эмес, же 30,0 млн. сом, 2020-жылга - 32,5 млн. сом суммасында, 2021-жылга - 32,8 млн. сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүктүрүү стратегиясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн беш жылдык мезгилге карата программасын берүүнү тездетсин;
- өнүктүрүү программаларынын салыштырма бөлүгүн көбүрөөк бөлүү жана милдеттүү финансылык эмес көрсөткүчтөрдү жана максаттарга жетүүнүн индикаторлорун киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин программалык бюджеттөөгө көңүл бурсун;
- импорт алмаштыруу жана ички өндүрүштү колдоо боюнча программаны иштеп чыксын жана киргизсин;
- ички рынокто товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда мамлекеттик сатып алуулардын артыкчылыгын белгилесин;
- Кыргызстандын чет өлкөлөрдө иштеген иммигранттарынын жана жарандарынын акча которуулары боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын болжолунун көрсөткүчтөрүн бюджеттин кирешелери менен байланыштырсын;
- фискалдык саясаттын негизги багыттарынын көрсөткүчтөрүнө ылайык бюджеттик кредиттерди, насыяларды жана зайымдарды кайтарып берүүдөн түшкөн кирешелерди 1,7 эсеге же 2386,3 млн. сомго көбөйтүү жөнүндө маселени карасын;
- социалдык-экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөттүү болжолунун алкагында 2019-жылга алтын өндүрүүнүн болжолдуу көлөмүнө ылайык Кумтөр алтын кени боюнча дүң кирешеге салыктык эсептик суммасын 136,1 млн. сомго көбөйтсүн;
- чет өлкөлүк жумушчу күчтөрдүн эмгек ишмердүүлүгүнө уруксат берүүчү документтерди алууга мамлекеттик алымдын өлчөмүн жогорулатсын;
- негизги сумманын 50 пайызына акы төлөөнүн ордуна Өкмөттүн кепилдиги алдында кредиттик каражаттарды 2000-жылдын 1-январына чейин алган ишканалардан айып пул, туумдарды, пайыздарды жоюу жөнүндө мыйзам долбоорун киргизсин;
- ишмердүүлүк чөйрөсүн (интернет аркылуу үзгүлтүксүз соода-сатык жүргүзүү, интернет аркылуу брондоо кызмат көрсөтүүлөрү) талдоого алсын жана салык салуудан качкан адамдарды тапсын;
- криптовалюталардын бөлүштүрүлгөн реестрлеринин ("майнинг") чөйрөсүндөгү криптография принциптерине негизделген өндүрүштү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча иштерге салык салуунун мүмкүн болуучу механизмдерин карасын;
- пломбалоонун ордуна заманбап технологиялардын жардамы менен КММнын жүгүртүлүшүнө жана ташылышына контролдоо механизмдерин демилгелесин;
- алкоголдук продукциялардын жүгүртүлүшүн контролдоонун альтернативдүү ыкмаларын иликтесин;
- областтык телерадио компанияларды, Кыргыз улуттук маалыматтык агенттигин өзүн-өзү каржылоого которуу жөнүндө маселени карасын;
- мамлекеттик банктар менен биргеликте айыл чарба кредиттери боюнча пайыздык ставкаларды субсидиялоого, эмгек акыларды, социалдык жөлөкпулдарды төлөө эсептерин тейлөөгө, ипотеканы жана башкаларды каржылоого мамлекеттик бюджеттен коммерциялык банктарга бөлүнүүчү каражаттарды кыскартуу механизмдерин карасын;
- БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча чараларды иштеп чыксын жана "2020-жылга республикалык бюджет жана 2021-2022-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында 500 млн. сом бөлүү менен "Майыптыгы бар адамдардын инфратүзүмгө жеткиликтүүлүгү" деген өзүнчө сапты карасын;
- "Сокурлардын жана дүлөйлөрдүн кыргыз коому" жана "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оруктун эмгекчилеринин республикалык кеңеши" коомдук бирикмелерин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу жалпы негиздерде каржылоо маселесин чечсин;
төмөнкүлөргө каражат бөлсүн:
- Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке "Көк-бөрү" улуттук оюнун туруктуу өнүктүрүү үчүн 20,0 млн. сом;
- "Сокурлардын жана дүлөйлөрдүн кыргыз коому" коомдук бирикмесине майыптуулугу бар адамдарды ишке жайгаштыруу максатында жаңы имарат куруу үчүн 60 млн. сом өлчөмүндө пайызы жок насыя;
- Бишкек шаарында абанын булгануу деңгээлин өлчөгөн жабдууларды сатып алууга;
- укук коргоо органдарынын жана коргоо органдарынын чыгашаларынын жашыруундуулук грифин алып салсын же андай грифти киргизүүнүн зарылдыгын негиздесин;
- жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу билим берүү уюмдарын республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө маселени карасын;
ченемдик принцип боюнча каржылануучу жалпы билим берүүчү мектептердин чыгашаларын жабууга республикалык бюджеттен Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине 1,9 млрд. сом суммасында максаттуу трансферттерди бөлүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын аныктоонун жана жогорулатуунун бирдиктүү концепциясы жаатында мыйзам долбоорун иштеп чыксын;
төмөндөгүлөрдүн эмгек акыларын көбөйтүүгө каражаттарды карасын.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана республиканын агрардык илимий-изилдөө институттарынын (мал чарба жана жайыт, ирригация, жерди иштетүү, ветеринария ИИИ) кызматкерлерине;
- республиканын орто мектептеринин мугалимдерине;
- 2019-жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларына;
төмөнкүдөй каражаттарды карасын:
- 1-топтун майыптарынын ата-энелерине жана камкорчуларына эмгек акы төлөөгө;
- Акыйкатчы (Омбудсменди) 38,7 млн. сом өлчөмүндө кошумча каржылоого, алардын ичинен 21,1 млн. сом аппараттын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга;
- Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясынын контракттык окуудагы 2-курсунун курсанттарынын тамактануусуна;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1957-VI токтомуна ылайык Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүүгө;
- Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында бала бакчасын; Ак-Суу районунда балдар үйүнүн спорттук залын курууга;
"Таза-Суу" программасынын толук ишке ашырылышына кошумча каражат каралсын;
гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүнө бөлүнүүчү каражаттарды көбөйтсүн;
Мамлекеттик лотереялык компаниясын өзүн-өзү каржылоого которсун, Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинин алкагында төмөнкүлөрдү каржыласын:
- майыптуулугу бар балдар окуган адистештирилген мектептер үчүн окуу куралдарын чыгарууга 6 млн. сом суммасында;
- угуусу бузулган балдар окуган адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн аудиокласстарды сатып алууга 4 млн. сом суммасында;
- көзү көрбөгөн балдар үчүн аудиокитептерди чыгарууга 500 миң сом суммасында;
Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасы үчүн шаар куруу документацияларын иштеп чыгуунун 2-этабын аяктоого 4,2 млн. сом жана 3-этабына 19,3 млн. сом өлчөмүндө каржылоону карасын;
жалпы чыгашалардын 52 пайызына жакынын түзгөн социалдык объектилердин электр энергиясы боюнча чыгашаларын жабууга каражаттарды Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу бөлсүн,
2019-жылы Ички иштер министрлигин модернизациялоону өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты катары таанысын жана ал максаттарга кошумча каражаттарды багыттасын;
Транспорт жана жол министрлигине автомобиль жолдорун куруу боюнча подрядчылардын жана жөнөтүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карыздарын жабууга каражат бөлсүн;
бюджеттик уюмдардын 221 "Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу", 222 "Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу", 311 "Негизги фонддор" беренелери боюнча чыгашаларынын көлөмүн 10 жана андан ашуун пайызга кыскартуу жана ал каражаттарды Спорт сарайынын жаңы имаратын курууга кайра жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
кызматтык автоунааларды, оргтехникаларды жана буюм-тайымдарды сатып алууга 3 жыл бою тыюу салууну киргизсин;
сынактын шарттарына ылайык аталган долбоор боюнча республикалык бюджеттен кошумча чыгашалардын каралбагандыгына байланыштуу "Коопсуз шаар" долбоору боюнча төмөнкүдөй тиешелүү чыгашаларды болтурбасын:
- Ички иштер министрлигинде 56,0 млн. сом суммасында, алардын ичинен: почта кызмат көрсөтүүлөрүнө 35,6 млн. сом жана Иштетүү борборунун материалдык-техникалык жабдуусун түзүүгө - 19,4 млн. сом;
- "Кыргызпочтасында", алардын ичинен: маалыматтык киоскаларды түзүүгө - 40,0 млн. сом жана гибриддик почтага - 4,9 млн. сом;
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларды куруу жана жабдуу жана фитосанитардык контролдун өткөрмө пункттарын жабдулоо үчүн Өкмөттүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 349 тескемесине ылайык Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине бөлүнгөн 62,1 млн. сомду каржылоо маселесин чечсин;
ушул токтомго карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштарынын аткарылышы боюнча (1, 2-тиркемелер) чараларды көрсүн жана алар боюнча 2019-жылдын 1-апрелине чейин маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жазуу жүзүндө келип түшкөн жана жыйналышта айтылган сунуштарды стенограммага ылайык эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |
|
| "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин СУНУШТАРЫ
Комитеттердин аталыштары | Сын-пикирлердин жана сунуштардын мазмуну | Суммасы, млн. сом |
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет | Төмөнкүлөргө каражаттар каралсын: - ирригация жана сугаруу тутумун каржылоого; - Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун бюджетин (60дан 100 пайызга чейин) көбөйтүүгө; - сууну керектөө товары катары сатуу боюнча чараларды көрүү |
|
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет | Төмөнкүлөргө кошумча каражаттар каралсын: |
|
- Акыйкатчыга (Омбудсменге); - Кыйноолордун жана мамиле жасоонун жана жазалоонун ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысын кемсинтүүнү алдын-алуу боюнча Улуттук борборго; - Юстиция министрлигине; | 38,6 | |
- Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине; - Башкы прокуратурага; - Мамлекеттик кадр кызматына; - Өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына; Төмөнкүлөр Өкмөткө сунушталсын: - ченемдик укуктук актылары менен белгиленген салыктык жеңилдиктерди жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо; - мамлекеттик ички зайымдар боюнча карыздык милдеттенмелердин пайыздык ставкаларын төмөндөтүү жөнүндө маселени кароо | 4,3 | |
| Жыйынтыгы | 42,9 |
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети | Кошумча каражаттар каралсын: |
|
- Башкы прокуратурага; | 570,5 | |
- Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына; | 2284,9 | |
- Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка; | 117,9 | |
- Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына; | 12,0 | |
Өкмөт: - өлүм жазасына соттолгон адамдарды кармоо үчүн Жаңы-Жер айылындагы № 19 мекеменин атайын 2-корпусунун курулушун аяктоо үчүн акча каражатын бөлсүн; - Баткендеги тергөө изоляторун (150 млн. сом) жана Таластагы тергөө изоляторун (150 млн. сом) каржылоону жана курууну камсыздасын; - укук коргоо органдарынын жеке курамын формалык кийим-кечектердин ченемин жана кийип жүрүү мөөнөттөрү боюнча буюм довольствиесин толук көлөмүндө камсыз кылсын; - сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн кодекстердин жаңы редакцияларынын чыгарылышына акча каражатын бөлсүн; төмөнкүлөргө кошумча каражаттар каралсын: |
| |
- Ички иштер министрлигине; | 2599,7 | |
- ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына; | 473,7 | |
- ИИМнин академиясына | 192,2 | |
| Жыйынтыгы | 6250,9 |
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет | Төмөнкүлөргө кошумча каражаттар каралсын: |
|
- Билим берүү жана илим министрлигине; | 1947,1 | |
- Улуттук илимдер академиясына; | 65,8 | |
- Жогорку аттестациялык комиссиясына; | 2,8 | |
- Маданият, маалымат жана туризм министрлигине; | 402,8 | |
- Саламаттык сактоо министрлигине; | 1231,6 | |
- Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына; | 27,5 | |
- Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын архив агенттигине; | 78,8 | |
- Өкмөткө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттикке; | 219,7 | |
- Коомдук телерадиокорпорациясына "эмгек акы", "Соцфондго төгүмдөр", "товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр" беренелери боюнча; - бала кезинен майып балдарды баккан иштебеген энелерге акы төлөө үчүн зарыл каражаттарды Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бөлүү | 57,8 | |
Жыйынтыгы | 4239,1 | |
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет | - МАКка мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө боюнча маселени чечсин, ошондой эле 2019-2021-жылдарга Бюджеттин орто мөөнөттү божомолунун долбоорун эл аралык уюмдардын Тизмегине киргизсин; Төмөнкүлөргө кошумча каражаттар каралсын: |
|
- Транспорт жана жол министрлигине; | 21,4 | |
- Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жол чарба департаментине; | 684,4 | |
- Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине; | 222,0 | |
- Бишкек шаарынын ПДПсын жана республиканын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууга; | 50,0 | |
- Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасын райондук пландаштыруунун башкы схемасын бүткөрүүгө; | 7,0 | |
- Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине; | 414,4 | |
- Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына; | 70,9 | |
- ИИМнин ЖКККББна: |
| |
2015-жылдан 2017-жыл аралыгында финансылык карыздарды төлөө үчүн; | 47,9 | |
жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча толук кандуу иш жүргүзүү үчүн; | 473,7 | |
- Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын өнүктүрүү фондуна материалдык-техникалык жана социалдык базаларды өнүктүрүүгө жана чыңдоого | 500,0 | |
| Жыйынтыгы | 2491,7 |
Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети | Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине төмөнкүлөргө кошумча каражат бөлсүн: Мамлекеттик картограф-геодезиалык кызматты күтүүгө, анын ичинде: |
|
- жаңы топографиялык карталарды түзүү жана эскилерин жаңылоо үчүн жогорку жана өтө жогорку космикалык тартып алууларга, чегара белгилерине, приборлорду, жабдууларга жана жеке курамды ташуулар боюнча талаа бригадалары үчүн өтүмдүүлүгү жогору транспортко, КММны, Өкмөттүк делегациялардын жана талаа бригадаларынын мүчөлөрү үчүн иш сапарларына чыгымдарга, атайын жабдууларга; | 24,4 | |
- басмага чейин/басмадан кийин иштетүү жана төрт түстүү офсеттик типтеги басма машиналары үчүн заманбап санарип жабдууларын сатып алууга; | 277,08 | |
Мамкомитеттин ведомстволук геологиялык ишканаларынын геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө; | 65,0 | |
өлкөнүн түштүгүндөгү жер көчкүлөрүнө карата иштерди жүргүзүүгө; | 20,2 | |
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына | 50,0 | |
| Жыйынтыгы | 436,7 |
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет | Өкмөт: - 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасында Фискалдык саясаттын концепциясынын долбоорун кабыл алууну тездетсин; - салыктарды жана бажы жыйымдарын администрлөөнү жакшыртуунун эсебинен салыктардын жана бажы төлөмдөрүнүн чогултулушун көбөйтсүн; - салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнү жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияларды өндүрүүнү жана сатууну контролдоонун бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык тутумун (БМАМТ) түзүүнү тездетсин; - Социалдык фонддон түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүн администрлөө функцияларын Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүүнү тездетсин; - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу динамикасына олуттуу таасири бар тобокелдиктерди жана факторлорду баалоого өзгөчө көңүл буруу менен кирешелер боюнча божомолду түзүүгө маани берсин; - жыл сайын балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн 50 батир сатып алсын; |
|
Улуттук статистика комитетине кошумчаларды киргизсин | 48,7 | |
| Жыйынтыгы | 48,7 |
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет | Төмөнкүлөргө кошумча каражаттар каралсын: |
|
- Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине; | 1064,0 | |
- Мамлекеттик чегара кызматына; | 676,5 | |
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигине; | 50,0 | |
- Аскер прокуратурасына; | 27,6 | |
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматына; | 45,5 | |
- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана камакка алынган соттолгон адамдарды коштоп жүрүү боюнча департаментине | 185,5 | |
| Жыйынтыгы | 2049,1 |
| Бардыгы | 15559,1 |
|
| "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI токтомуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын СУНУШУ
КР ЖКнын депутаттары | Сын-пикирлердин жана сунуштардын мазмуну | Сумма, млн. сом |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Капиталдык салым" беренеси боюнча төмөнкүлөргө каражаттар каралсын: |
|
А.Акматов | - Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы М.Иманалиев атындагы жаңы орто мектептин курулушун аяктоого; | 53,0 |
- Нарын районунун "Өрнөк" чыгармачыл борборунун капиталдык оңдоолоруна; | 9,0 | |
- Нарын областынын Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы 4 чакырым ички жолго асфальт төшөөгө | 24,0 | |
Н.Алимбеков | Ош областынын Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылда Тешебаев атындагы жана Жаңы-Кызыл-Суу айылда Октябрдын 70 жылдыгы атындагы № 63 орто мектептеринин курулушун аяктоого |
|
А.Алтыбаева | Кара-Суу району боюнча: - Жарооз, Курбанкара, Каратай, Таш-Арык, Кара-Дөбө, Кыргызстан, Жаңы-Арык, Кожо-Келен, Калинин, Жаңы-Кызыл-Суу, Кең-Сай айылдарында, Ош шаарынын И.Раззаков атындагы мектептеринин курулушун, Кара-Суу шаарындагы балдардын чыгармачылык борборунун курулуштарын аяктоого; - төмөнкү объектилердин капиталдык оңдоолоруна: - Ак-Таш айылындагы А.Шеркулов атындагы, Шарк айылындагы X.Хакимзаде атындагы орто мектептерге, Мады айылындагы Интернационал, Жим айылындагы X.Тажиматов, Дадабаев айылындагы Т.Омурзаков, Кызыл-Шарк айылындагы X.Таширов; Талдык айылындагы И.Сулайманов; Кыш-Абад айылындагы М.Тешебаев, Кара-Суу шаарындагы К.Жакыпов, Монок айылындагы А.Эшматов атындагы, РТСтеги К.Рахимов атындагы, Кашкар-Кыштак айылындагы А.Навои, Зарбдор айылындагы Ч.Айтматов атындагы, ВЛКСМ, Арал айылындагы М.Заиров, Кызыл-Мээнет айылындагы мектептердин, Коммунизм айылындагы дүлөй жана көзү начар көргөндөр үчүн интернаттын; - Кашкар-Кыштак айылындагы бала-бакчанын, ВЛКСМ, Нурдор; Беш-Мойнок; Достук; Присавай; Кош-Таш; Мамажан; Отуз-Адыр; Керме-Тоо; Отуз-Адыр; Ишкаван; Папан; Кашкар-Кыштак айылдарындагы бала-бакчалардын; - Маданият үйүнүн капиталдык оңдоосуна |
|
А.Алтынбеков | - "Күлүк" олимпиада резервинин Адистештирилген балдар-жеткинчектер мектеби үчүн ат-спорт комплексин реконструкциялоого жана спорттук инвентарларды сатып алууга; - Базар-Коргон районундагы Ж.Кочурбаев атындагы мектептин капиталдык оңдоолоруна; - Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылындагы спорт комплексин курууга |
|
А.Баатырбеков | - Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы балдар бакчасынын курулушун аяктоого; - Ат-Башы айылындагы С.Андабеков атындагы райондук Маданият үйүнүн имаратын, Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы К.Карпеков, Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды, Ой-Терскен орто мектептеринин капиталдык оңдоолоруна; - Ат-Башы районундагы Кара-Суу айлындагы бала-бакчанын курулушуна |
|
Д.Бекешев | "Сокурлардын жана дүлөйлөрдүн кыргыз коому" АКсы үчүн жаны имарат курууга пайызсыз насыя бөлүүгө | 60,0 |
И.Гайпкулов | Араван районундагы А.Навои атындагы, Ош шаарындагы С.Киров атындагы мектептердин жаңы корпусун курууга |
|
Д.Джумабеков | Талас областынын Кара-Буура району боюнча; - Көк-Дөбө, Ак-Жар, Кара-Суу, Кайнар, Молдо Асан, Көк-Сай айылдарындагы жаңы мектептердин курулушун аяктоого; - Чоң-Кара-Буура айылында суу менен камсыздоо тутумун курууга; - Молдо Асан - Акчий - Жоон-Дөбө автожолунун 2 чакырымын, Кызыл-Адыр - Аманбаев автожолунун 2 чакырымын, Суусамыр - Талас - Тараз автожолунун Бейшеке-Сарымсак участогунун 1 чакырымын, Кировка - Маймак станциясы автожолунун 2 чакырымын, Аманбаев - КПП автожолунун 0,8 чакырымын, Шекер - Арчагул автожолунун 1 чакырымын, Көк-Сай - Кайнар автожолунун 1 чакырымын оңдоого; - Көк-Сай айылындагы бала-бакчанын курулушун аяктоого; Чолпонбай айылында бала-бакча курууга; - Аманбаев айылындагы "Суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо" объектисин кошумча каржылоого; - райондук оорукананын тышкы бөлүгүн жана чатырын оңдоого; - Талас областынын ИББсынын жана Бакай-Ата районунун ИББсынын административдик имараттарын капиталдык оңдоого; Талас областтык аймактык бириктирилген оорукананын инфекциялык бөлүмүн оңдоого; Бакай-Ата району боюнча; - Ынтымак айылындагы Э.Капалов жана Миң-Булак айылындагы Батырбашиев атындагы орто мектептердин курулушун аяктоого. Талас району боюнча: - Балбал атындагы мектептин курулушун аяктоого; - Талас шаарындагы бала-бакчанын курулушуна; Ак-Талаа району боюнча: - Ак-Талаа АОсынын жаңы септигин, Баетов айылында спорт комплексин, бала-бакча курууга; - Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептин капиталдык оңдоолоруна; - Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектептин курулушун аяктоого; Баетов айылынын ички жолдорунун 5 чакырымын оңдоого; - төмөнкүлөрдү курууга: Ош областынын Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында жаңы мектепти; Нарын шаарында оорукананы; Нарын областынын Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күнгөй айылында 100 орундуу бала-бакчаны; Мамлекеттик статистиканын Баткен областтык башкармалыгынын жаңы имаратын; Өзгөн районундагы Жээренчи айылында Маданият үйүн; Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагында спорт комплексти жана стадионду реконструкциялоого; Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын Маданият үйүн; - төмөнкүлөрдүн курулушун аяктоого: Сузак районундагы Ленин атындагы айылда бала-бакчанын; Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынын Кызыл-Талаа жана Сары-Таш айылдарындагы мектептердин; - Жээренчи - Кара-Дыйкан автожолунун 2,5 чакырымына асфальт төшөөгө |
|
С.Джураев | - Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы Балдарды реанимациялоо жана бейтапкананын имаратын курууну аяктоого | 57,0 |
А.Жапаров | Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жол чарба департаментине подрядчыларга жана жөнөтүүчүлөргө карыздарды жоюуга республикалык бюджеттен кошумча каражатка; Нарын шаарында 150 орундуу бала-бакча курууга; Ысык-Ата районунун Интернационал айылында спортзал курууга | 353,0 |
З.Жамалдинов | - Көк-Жар айыл аймагындагы Каранай мектебинин жаңы корпусун курууга; - Кулатов айыл аймагындагы М.Кудайбердиев атындагы лицейдин, Ж.Боконбаев атындагы орто мектептин, Ноокат районунун Бел айыл аймагындагы "Бел-Орүк" орто мектебинин имаратын жана жылытуу тутумун, Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы "Жийде" орто мектебинин жылытуу тутумунун жана спорт залынын капиталдык оңдоолоруна |
|
Т.Жоробеков | Талас району боюнча: - Балбал айылындагы Балбал атындагы, Көк-Кашат айылындагы А.Огонбаев; Огонбаев айылындагы М.Козубекова, Ак-Сай айылындагы Жанузаков, Арал айылындагы Нанаев, Көк-Токой айылындагы Ш.Шеркулов атындагы мектептердин жана Таш-Арык айылындагы бала-бакчанын курулушун аяктоого; - Талас областындагы спорт комплексин курууга; - Талас-Бешташ автожолунун 1,4 чакырымына асфальт төшөөгө; - Коммунизм-Чонор-Луговое автожолунун 1,5 чакырымына асфальт төшөөгө; - Талас областынын ҮМБине УЗИ аппаратын сатып алууга |
|
А.Жунус уулу | - Ат-Башы районунун Калинин айылынын "Кенбил булагы бала-бакчасын курууну аяктоого |
|
А.Жутанов | - Кара-Суу районунун Төлөйкан айыл аймагындагы О.Курбанбаев атындагы жаңы орто мектептин курулушун аяктоого |
|
А.Жээнбеков | - Ноокат районунун Додон айылындагы бала-бакчанын курулушуна | 26,4 |
Т.Зулпукаров | Ноокат району боюнча: - Ош областынын Ноокат районундагы Н.Крупская атындагы орто мектебине кошумча корпус курууга; - А.Мамыров, Парпиев, А.Чынгараев, С.Токторов, Н.Исанов атындагы орто мектептердин жана Маданият айылындагы мектептин курулушун аяктоого; - Кара-Таш айыл аймагындагы бала-бакчанын курулушуна жана Арбын айылындагы бала-бакчанын курулушун аяктоого; - Мирмахмудов жана Зулпуев айылдарында жаңы мектептерди курууга, Арбын айылындагы Жаңы-Арбын каналын оңдоого |
|
К.Зулушев | - Кандава айылындагы Б.Монолов атындагы, Шамал-Терек айылындагы Ы.Конкошев, Бөксө-Жол айылындагы Т.Төлөнбаев атындагы жаңы мектептердин курулушуна |
|
Т.Икрамов | - Ак-Бай-Бостон автожолун 2,3 чакырымына асфальт төшөөгө; - Сузак районунун Ак-Баш айылын суу менен камсыздоого; - Сузак районунун Ак-Баш айылында бала-бакча курууга |
|
К.Иманалиев | - Түп-Кеген автожолун курууну аяктоого; - Чүй областынын Кемин районундагы Тегирменти айылындагы мектептин курулушун бүткөрүүгө |
|
Р.Казакбаев | - Талас областынын Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы "Семетей" кинотеатрынын капиталдык оңдоолоруна |
|
Н.Каримов | - төмөнкүлөрдү курууга: | 80,0 |
- Өзгөн районунун Янги Хоят, Сараксий жана Килич Бурхандин кварталдарындагы жаңы мектепти, бала-бакчасын; |
| |
- Кош-Коргон айылындагы Бабур атындагы мектептин спорттук залын; |
| |
- Өзгөн районунун Янги-Абад айылындагы, Өзгөн шаарынын Мажрүм-Тал кварталында бала-бакчаларын; | 5,0 | |
- Өзгөн районунун Кош-Коргон айылынын башталгыч мектебинин курулушунун аяктоого; | 12,0 | |
- Өзгөн районунун Кашка-Терек айылындагы К.Кулматов атындагы орто мектептин капиталдык оңдоолоруна | 20,0 | |
С.Келдибаев | - Өзгөн районунда жаңы оорукананы курууга |
|
У.Кыдыралиев | - Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында, Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы бала-бакча жана мектепти, Райкомол жана Кечүй айылындагы О.Ташкулов атындагы орто мектептин спорт залын курууга; - Кичи Ак-Жол-Пионерлагерь автожолуна асфальт төшөөгө; - Кызыл-Жар-12 - Ак-Суу - Жаңы-Талап автожолуна асфальт төшөөгө |
|
М.Мадеминов | - Кадамжай районунун Көтөрмө айылындагы К.Топтан атындагы мектепке спорт зал курууга: - Кадамжай районунун Хальмион айылындагы Примов атындагы жаңы мектептин курулушуна |
|
М.Мавлянова | - Ынтымак, Төөлөс, Кулатов жана Көк-Жар - Кызыл-Кыя айылдарындагы автожолго асфальт төшөөгө; - Т.Зулпиев айылында Калдай атындагы орто мектептерде спорт залын жана таза суу менен камсыздоого; Ноокат районундагы Көк-Жар айыл аймагындагы "Ак-Шоола" бала-бакчасынын актовый залын жана санитардык бөлүктөрүн курууга; - Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагындагы № 17 ҮДТнын жылытуу тутумун, "Бел айыл аймагындагы "Бел-Өрүк" орто мектебинин, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы М.Кудайбердиев атындагы лицейдин, Ноокат районунун Ай-Тамга айыл аймагындагы Ай-Тамга бала-бакчасынын, Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы "Жийде" орто мектебинин жылытуу тутумдарын жана спорт залын капиталдык оңдоого |
|
И.Маннанов | - Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын балансында турган Б.Айдаров көчөсүндөгү "Араван Сай" ГЭТХ имаратынын капиталдык оңдоолоруна |
|
Т.Масабиров | - Жалал-Абад областындагы Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтүнүн Ооган-Талаа айылында оорукана курууга; - Кеңеш жана Бешик-Жон айылдарындагы стадиондорду реконструкциялоого |
|
М.Маматалиев | - Алай районун Үч-Дөбө айылында төрөт үйүн курууга; - Алай районунун Үч-Дөбө айылын таза суу менен камсыздоого; - Алай районунун Үч-Дөбө айылындагы Шарт участкасындагы автожолго асфальт төшөөгө |
|
Т.Мамытов | - Тогуз-Торо районунун А.Жакишов атындагы ЦОВПсын капиталдык оңдоого; - Кара-Булак районундагы № 37 мектептин жаңы корпусун курууга; - Рахманжан айылындагы орто мектептин курулушун аяктоого; - 2018-жылы Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн божомолун пландоону корректировкалоо |
|
Г.Молдобекова | - республикалык бюджеттен 15 манасчыга 20000 сом өлчөмүндө туруктуу негизде стипендия бөлүүгө |
|
К.Нурматов | Ош областынын Араван району боюнча: - Мангыт айылындагы оорукананын курулушун аяктоого; - Тепе-Коргон айылындагы К.Мухамедов атындагы орто мектептин, Керме-Тоо айылындагы № 112 кесиптик лицейдин, Авиз айылындагы "Элиза" бала-бакчасынын капиталдык оңдоолоруна; - Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы Керкидан, Саргата айылдарында бала-бакчаларды курууга |
|
С.Нышанов | - Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Чарбак айылында бала-бакча курууга |
|
И.Омуркулов | - республикалык бюджеттен Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине жалпы билим берүүчү мектептердин чыгашаларын жабууга максаттуу трансферттерди | 1900,0 |
У.Примов | Ош областынын Алай району боюнча: - Арпа-Тектир; Тогуз-Булак, Коммунизм, Аскалы, Жаңы-Алай; Нура айылдарында жаңы мектептерди курууга; - Тогуз-Булак, Кум-Шоро, Кердеге; Жаңы-Алай, Арпа-Тектир айылдарында бала-бакчаларды, Гүлчө айылындагы бала-бакчага кошумча корпус, Кара-Суу айылындагы Ж.Кыпыев атындагы мектепте спорт залын курууга; - Будалык айылындагы Бубаев, Гүлчө айылындагы К.Абдразаков атындагы орто мектептердин капиталдык оңдоолоруна | 14,3 6,8 |
Б.Райымкулов | - Чүй областындагы Жайыл районунун Сосновка айылындагы (250 орундуу) Сосновка атындагы орто мектепти курууга |
|
З.Рысалиев | - Бакай-Ата районундагы Кызыл-Октябрь айылынын К.Султанаалы уулу атындагы орто мектептин капиталдык оңдоолоруна; - Бакай-Ата районундагы Үрмарал жана Көк-Таш айылдарындагы жолдорго асфальт төшөөгө |
|
К.Рыспаев | Жайыл району боюнча: - Ийри суу, Сосновка айылдарындагы мектептердин курулушун аяктоого; - Кара-Балта шаарында жаңы мектеп, Суусамыр айылындагы мектептин спорт комплексин курууга; - Кара-Балта шаарындагы үстү жабык бассейндин капиталдык оңдоолоруна |
|
У.Самаев | - Чүй райондук жана Токмок шаардык ооруканалардын, Чүй районунун Садовое айылындагы И.Укуев атындагы орто мектептин капиталдык оңдоолоруна |
|
Е.Строкова | - Ыссык-Ата районунун Люксембург айылындагы Я.Ваккер орто мектебинин капиталдык оңдоолоруна |
|
Г.Тиллаев | Баткен областынын Лейлек району боюнча: - Кулунду айылындагы бала-бакчанын, Булак-Башы айылындагы жаңы мектептин, Сүлүктү шаарындагы жана Кош-Булак айылдарындагы, Миң-Жыгач, Коргон жана Ак-Терек айылдарындагы жаңы мектептердин курулушуна; - Сүлүктү шаарындагы "Нооруз" бала-бакчасынын, Кара-Булак орто мектебинин, Исфана шаарындагы № 1 мектеп-гимназиянын, Исфана шаарындагы "Баластан" чыгармачыл борборунун, Бишкек шаарындагы студенттик оорукананын капиталдык оңдоолоруна; - Исфана шаары менен Тайлан, Ак-Булак айылдарынын ортосунда көпүрө, Кара-Таш айылында ФАП курууга; - Чымген айылында көпүрөнүн долбоорун аяктоого; - Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы бала-бакчанын курулушун аяктоого |
|
Э.Токтошев | - төмөнкүлөрдү курууга: - Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл өкмөтүнүн Кан-Коргон айылындагы Жусуп Мамыр атындагы жаңы мектепти; - Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл өкмөтүнүн Көк-Арт айылындагы Алайкуу айыл өкмөтүнүн административдик имаратын; - Кан-Коргон - Көк-Арт автожолунун капиталдык оңдоолоруна; - Ош шаарындагы ОшМУсуна караштуу профилактория үчүн медициналык аппараттарды сатып алуу; - Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайын-Талаа айылындагы бала-бакчанын капиталдык оңдоолоруна |
|
Б.Турусбеков | - Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонаны өнүктүрүүнүн Башкы планынын 3 этабын аяктоого; - Темировка айылындагы орто мектептин курулушун аяктоого | 25,0 |
А.Турсунбаев | - Ала-Бука районунун Падек айылындагы, Жаңы-Шаар айылындагы, Чаткал районунун Коргон-Сай айылындагы орто мектептердин курулушун аяктоого; - Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында оорукана, Ажек айылында бала-бакча курууга; - Ала-Бука районунун Ажек, Кара-Үңкүр айылдарында, Чаткал районунун Курулуш айылында жаңы мектептерди курууга: - Ала-Бука - Көк-Серек жана Кызыл-Токой - Терек-Сай автожолунун Орто-Бел участогуна асфальт төшөөгө; - Чанач-Сай бассейнин куруунун 2-этабына каражат бөлүүгө |
|
Ч.Турсунбеков | - Нарын районундагы Жан-Булак айылынын А.Жудакеев, Нарын районунун Дөбөлү айылындагы Ө.Токтосунов орто мектептеринин капиталдык оңдоолоруна; - Нарын районунун Таш-Башат айылындагы спорт комплексинин курулушун аяктоого; | 12,7 |
| - Нарын районунун Эмгек-Талаа айылындагы С.Керимбай уулу жана Нарын районунун Кеңеш айылындагы К.Абиров атындагы жаңы мектептердин курулушуна | 21,0 |
А.Узакбаев | - Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылындагы бала-бакчанын курулушуна |
|
З.Шарапов | Баткен областынын Кадамжай району боюнча: - Бирлик айыл аймагындагы "Келечек" бала-бакчасынын жаңы блогун, Марказ айылындагы Мирзо Улугбек атындагы мектептин, Арпа-Сай айылындагы бала-бакчанын курулушун аяктоого; - Айдаркен шаарындагы "Солнышко" бала-бакчасынын балдар аянтчасын жана бассейнин, Садыков атындагы орто мектептин, Жал айылындагы Б.Алыкулов атындагы орто мектептин капиталдык оңдоолоруна; - Айдаркен шаарынын ички жолдорун, Адаркен-Жал - Жаңы-Коргон автожолунун 5 чакырымын, Жаңы-Коргон - Ормош авто жолунун 4,5 чакырымын, Сур-Сырт автожолунун 9,5 чакырымын асфальттоого; - Марказ айылындагы "Кыргызстандын 10 жылдыгы", "Айрыбаз" атындагы жаңы мектептердин курулушуна; - Көк-Талаа, Достук жана Маяк айылдарын таза суу менен камсыздоого |
|
А.Шыкмаматов | - ГСЭСти каржылоону көбөйтүүгө | 21,2 |
А.Эргешов | Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча: - Кара-Жыгач - Кербен автожолунун 1 чакырымын, Топ-Жаңгак - Кара-Суу автожолунун 1 чакырымын, Кара-Жыгач - Сыны автожолунун 1 чакырымын асфальттоого; - Кызыл-Жар-12 - Ак-Суу - Жаңы-Талап автожолунун 30 чакырымын, Кара-Суу айыл аймагындагы Маданият үйүн, М.Барпиев, Т.Умөталиев, К.Кенжебаев атындагы орто мектептердин капиталдык оңдоолоруна; - Кызыл-Капчыгай орто мектебинин спорт залын курууну аяктоого |
|
М.Эгембердиев | Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев аймактык башкармалыгынын спорт залын курууга; Жалал-Абад шаарындагы "Манас-1000" атындагы мектептин жаңы имаратын курууга |