Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № 2778-VI
"Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашырылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
"Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашырылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи-вице-премьер-министри К.А.Бороновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча 2012-жылдан тартып 2018-жылды кошуп алгандагы мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн жооптуу министрликтер менен ведомстволордун кызмат адамдарынын, ошондой эле алар боюнча чечимдерди макулдашуу жана кабыл алуу жол-жобосуна катышкандардын жоопкерчилигин карасын;
- "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды эл аралык практиканы эске алуу менен Жогорку Кеңешке киргизсин;
- "Коопсуз шаар" долбоорунун толук кандуу иштөөсү үчүн жана көрмө жана фото сүрөткө тартып алуу камераларынын жардамы менен алынган жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдарды администрлөөгө зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну жана кабыл алууну тездетсин;
- аталган долбоордун экинчи этабынын өз күчтөрү менен ишке ашырылышына карата айып пулдардын эсебинен келип түшкөн каражаттардын багытталышын карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы "Коопсуз шаар" долбоору боюнча сынакты даярдоодо жана өткөрүүдө мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, сынактык комиссиянын мүчөлөрү жана башка адамдар тарабынан мыйзам ченемдеринин талаптарынын сакталышын текшерсин. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча күнөөлүү адамдардын аракеттерине юридикалык баа берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Башкы прокуратурасы ушул токтомдун аткарылышы боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыктары жөнүндө 2019-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |