Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 2797-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын түз ободо теле көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 3-майындагы № 1553-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын түз ободо теле көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 3-майындагы № 1553-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "4,0 млн. сом суммасында" деген сөздөр "10,0 млн. сом суммасында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын түз ободо теле көрсөтүүнү каржылоо үчүн 2019-жылга 6,0 млн. сом суммасында кошумча каражат карасын.
3. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |