КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-январы № 2835-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 2435-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 2435-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |